Жалал-Абадда пенсия, жөлөк пулга деген миллиондогон сом коротууга шектүүлөр кармалды
789
Жалал-Абад облусу боюнча "Кыргызпочтасы" ишканасынын кызматкери акча каражаттарын коротуп салган деген шек менен кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, жалпысынан 10 млн сомдон ашык каражат коротулган.
Мамкомитеттен белгилешкендей, алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталган.
"Кыргызпочтасы" ишканасынын "Таштак" байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10 миллион 700 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алып, короткону аныкталган", - деп айтылат маалыматта.Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 17-сентябрда Э.Э.К. жана И.С.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17412