Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигит Афтандил Сабырбеков жана анын бир тууганынын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу редакцияга Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун 1-октябрдагы токтому менен Сабырбековдордун камактагы мөөнөтү 3-декабрга чейин узартылган.

Бир туугандар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү "Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча айыпталууда. Алар үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, Афтандил Сабырбеков 5-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын жасап, тараткан деген шек менен кармалып, СИЗОго киргизилген. Андан кийин Афтандил Сабырбековдун бир тууганы Тариэль да кармалып, камакка алынганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17558