Кыргызстандагы Ozon'дун кардарлары ири товарларды сорттоочу борбордон алып кете алышат
Жаңы опция республикадагы кардарлар үчүн ири көлөмдөгү товарларды алуунун ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.
Кыргызстандагы Ozon Бишкектеги сорттоочу борбордон ири көлөмдөгү товарларды өз алдынча чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоодо. Эми сатып алуучулар мындай товарларды өзү үчүн ыңгайлуу убакта акысыз алып кетип, курьердик жеткирүүгө жумшалган акчаны үнөмдөй алышат. Жаңы опция Ozon аркылуу алдырткан чоң эмеректерге жана тиричилик техникаларына, курулуш жана ремонт үчүн шаймандарга жана башка товарларга буйрутма бергенде жеткиликтүү болот.
Товарды өз алдынча алып кетүү үчүн сатып алуучулар буйрутманы тариздеп жатканда "өз алдынча чыгарып кетүү" деген опцияны тандап алып, Бишкектеги сорттоочу борборду буйртманы берүү пункту катары көрсөтүшү керек.
Эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, товар ири көлөмдө деп эсептелет: товардын бир тарабы 200 сантиметрден узун, салмагы 35 килодон ашык же көлөмү 500 литрден көп болсо.
"Биз кардарларыбызга Ozon'дун сервистерин онлайн да, офлайн да колдонуу кыйла ыңгайлуу болушун каалайбыз. Ири көлөмдөгү товарларды сатып алгандардын көбү буйрутмаларын өздөрү алып кетүүнү каалашат - мындай учурда чабарманды күткөнгө убакыт бөлүп, жеткирүү акысын төлөөнүн кажети болбойт. Мындан тышкары, биз бул опция ири көлөмдөгү товарларды саткандардын соодасын кызытып, сатуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз", - дейт Кыргызстандагы Ozon'дун коммерциялык директору Асель Тургунбекова.
Ozon – өнүккөн логистикалык тармагы бар мультикатегориялык маркетплейс. Компания Казакстанда, Беларуста, Орусияда, Арменияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 370 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 56,5 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon'дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 600 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берет.