Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады
1262
Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум уланды.
Сот залында жарыш сөзгө чыккан прокурорлор кылмыш ишиндеги бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Тема боюнча:
Эске салсак, 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитет түзүлгөн. Андан кийин дароо эле "массалык баш аламандыкка даярдык көргөн" деген жүйө менен массалык камакка алуулар болгон.
Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар:
- Мамбетжунус Абылов - үй камагында;
- Акылбек Айтбаев - үй камагында;
- Айданбек Акматов - СИЗОдо.
- Нурлан Асанбеков - үй камагында;
- Бектур Асанов - эч жакка чыкпоо тил каты менен СИЗОдон бошотулган;
- Марат Баязов - СИЗОдо;
- Атай Бейшенбек - үй камагында;
- Азимбек Бекназаров - СИЗОдо;
- Эрлан Бекчороев - үй камагында;
- Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо;
- Гүлнара Журабаева - үй камагында;
- Кеңешбек Дуйшебаев - үй камагында;
- Равшан Жээнбеков - СИЗОдо;
- Кубанычбек Кадыров - үй камагында;
- Рита Карасартова - үй камагында;
- Чыңгыз Капаров - үй камагында;
- Таалайбек Мадеминов - үй камагында;
- Улукбек Маматаев - үй камагында;
- Темир Махмудов - СИЗОдо, ушул жылдын 3-февралында кармалган;
- Жеңиш Молдокматов - СИЗОдо;
- Орозайым Нарматова - иши өзүнчө өндүрүшкө алынган;
- Асия Сасыкбаева - үй камагында;
- Клара Сооронкулова - үй камагында;
- Перизат Суранова - үй камагында;
- Али Шабдан - үй камагы, кошумча айып тагылган;
- Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылган;
- Талант Эшалиев - үй камагында болгон, кийин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы
(58 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/16338