Депутат кир жуучу машинаны белгилүү бир убакта колдонууга тыюу салууну сунуштады
RU

Депутат кир жуучу машинаны белгилүү бир убакта колдонууга тыюу салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машиналарды колдонууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү мындай практика Швейцарияда бар экенин айтты.

"Ал жакка барганда таң калычтуу нерсе көргөм. Саат 22:00дөн кийин кир жуугуч машиналарды колдонууга болбойт экен. Анткени, элдин уйкусун бузат экнсиң. Мүмкүн биздин мыйзамга да ушуну кошуп коюшубуз керек. Кир жуугуч машиналар кийимди сыкканда өзгөчө катуу үн чыгарат", - деди депутат.

Ошондой эле Элдар Абакиров Шанхайда (Кытай) кечки саат 22:00дөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп каларын, бирок таңкы саат 5-6да жашоо кайнай турганын кошумчалады.

Мындан тышкары депутат Ысык-Көлдө туристтик сезон учурунда түнкү саат 11-12лер чамасында ызы-чуу салгандарды жазага тартпоону сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16407