Көзү ачыктарды, төлгөчүлөрдү жарнамалоого тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койду
10288
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлайт.
Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого жол берилбейт.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/16704