Тазабек Икрамов депутаттык мандатын эмнеге тапшырганын айтты
RU

Тазабек Икрамов депутаттык мандатын эмнеге тапшырганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тазабек Икрамов депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырды. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кадырлуу шайлоочуларым! Кудайдын буйругу экен Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи эки жолу ишеним көргөзүп, шайлап берген Сузак шайлоо округундагы эл-журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам.

Ошентсе да жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм ошол принцибим күчөйт, азайбайт!

Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм!", - деп жазды ал.

Белгилесек, 17-июлда Икрамов УКМКга суракка чакыртылганы маалым болгон. Бирок расмий органдар да, эл өкүлү өзү да бул боюнча маалымат беришкен эмес.

Кийинчерек, Икрамов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазып, комиссия аны мандатынан ажыраткан.

Тазабек Икрамов 2021-жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16717