Оштогу селге байланыштуу 4 адам кармалып, дагы бирине издөө салынды
RU

Оштогу селге байланыштуу 4 адам кармалып, дагы бирине издөө салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу сел сууларын агызууга арналган жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени такталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Комитеттин маалыматы боюнча, Ош шаарынын Туран кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында сел агымынын багытында жайгашкан жана жашоо үчүн кооптуу жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Анын негизинде кылмыш иши козголгон.

"Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын экс-башчысы Т.А.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш`га Туран кичи районунда жайгашкан сел сууларын агызуучу каналдын (аянты 2,2 га) жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам беришкени такталган", - дешет комитеттен.

Жер тилкесин алгандан кийин И.А.Ш. жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдардын түбүн өз алдынча толтуруу жана тегиздөө иштерин жүргүзүп, жеке турак жай курууга ылайыктаган.

Натыйжада 2,2 га жер тилкеси 30 участокко чектөө жол-жобосунан өтүп, алардын ар бирине жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Андан ары жеке баюу максатында И.А.Ш. бөлүнгөн жер тилкелерин үчүнчү жактарга сатып, ал жерде учурда турак жай курулуп жатат.

Сел сууларын агызуучу каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларга ири сел агындары түшкөн. Анын кесепетинен Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди, инфраструктураны сел алып, жашоочулардын өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында жер тилкесин мыйзамсыз чыгарууга тиешеси бар А.Ж.М., С.А.Э, С.И.Б. жана Т.А.А. кармалып, Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш`га издөө жарыяланды.

УКМК селден улам чоң зыян алып келген жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын аракеттеринин мыйзамдуулугун, анын ичинде себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16761