Эскалаторго буту кыпчылган 2 жашар Аминанын апасы окуя тууралуу айтып берди
RU

Эскалаторго буту кыпчылган 2 жашар Аминанын апасы окуя тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Караван" соода борборунда 23-июнда буту эскалаторго кыпчылып калган Аминанын ата-энеси Kaktus редакциясына кайрылышты. Алар ошол каргашалуу окуяны жана кыздын азыркы абалы тууралуу айтып беришти.

Белгилесек, эскалаторго буту кыпчылган Амина 3 жашта экени кабарланган. Бирок ал 2 жашта экенин апасы Толкун Ахматбекова билдирди. Айтымында, 23-июнь күнү эки кызын жанына алып, эжелери менен дүкөнгө барган.

"Биз "Караван" соода борборуна кирдик. Экинчи кабатка көтөрүлгөндө улуу кызым суу ичем деп калды, кайра биринчи кабатка түшүүгө туура келди. Эскалатор менен түшүп баратканда эч нерсе сезилген жок, бардыгы жакшы эле болчу. Ортосуна жеткенде үн чыкты, бирдеме урунгандай сезилди. Ошол учурда кызымдын бутун эскалатор тартып кетти, окуя заматта болуп кетти. Улуу кызым алдыда, бир тепкич ылдыйда бара жаткан, кичүү кызым экөөбүз бир тепкичте бара жатканбыз. Сол жагымда болчу. Эскалатордун каптал жагына сол буту кирип, кыпчылып калды. Кызымдын бутун сууруп чыгайын деп аракет кылдым, бирок лента токтобой, кете берди. Эскалатор бизди 1-1,5 метрге чейин алып кетти. Ал эми кызымдын бутун тизесине чейин тартылып калды. Окуяга күбө болгондор "Тез жардам" кызматын, куткаруучуларды чакырышты", - деди ал.

Айтымында, алгач тез жардамчылар келишкен. Андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келип, темир тепкичтерди кесип, кыздын бутун чыгарууга бир сааттай убакыт кеткен. Амина №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Бул убакыт аралыгында кыз эс-учун жоготкон.

"Балким, тез жардамдын дарыгерлери ал уктап калсын жана ооруну себесин деп ооруну басаңдатуучу дары бергендир", - дейт апасы.

Аминанын сол бутунун сөөгү төрт жеринен сынган, жана кан тамырлары катуу жабыркаган.

"Дарыгерлер кан айлануу системасын жана кан тамырларын калыбына келтирүү үчүн шашылыш операция жасашты. Көрсө, мындай жаракаттар менен сөөккө операция жасоого болбойт экен. Биринчиден, кан тамырларды, булчуңдарды, ткандарды калыбына келтириш керек экен. Качан гана ириң тазаланганда сөөгүнө өтөбүз дешти. Дарыгерлер алдыда кандай болоруна кепилдик бере албай жатышат. Алдыда узак мөөнөттүү дарылоо жана реабилитация бар.

Кызымдын абалы оор. Коркуп калган, бутун көргөндө ыйлайт. Ар бир укол, тамчылатма дары, кайра таңуу, физиотерапиядан өтүү кыйын. Дарыгерлерден коркуп, кулактарын, көздөрүн жаап ыйлайт. Ал болгону эки жашта, али сүйлөй элек, бирок баарын түшүнөт деп ойлойм", - дейт аял.

Толкун Ахматбекова учурда кош бойлуу. Ал башынан өткөргөн стресстен улам боюнан түшүп калуу коркунучу жаралган. Мындан улам ооруканада жаткан Аминаны учурда атасы Жакыпбек Назарканов карап жатат.

"Кызымдан алыс боло албайм, бирок аны көтөрө албайм, ошондуктан күйөөм биз менен ооруканада. Буга байланыштуу ал жумушунан да чыкты. Дарыгерлер биздин абалга түшүнүү менен мамиле кылышып, өзүнчө палатага жаткырышты. Улуу кызыбыздын туугандарыбыз карап жатышат", - деп кошумчалады келин.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ахматбекова билдиргендей, окуядан кийин ооруканага "Караван" соода борборунун өкүлү барган.

"Менин оюмча, мунун баары техникалык кызматкерлердин күнөөсүнөн болду. Биз укук коргоо органдарына кайрылдык, алар соода борбордун кызматкерлери суралганын айтышты. Биз иликтөө объективдүү жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп ишенебиз", - дейт кыздын апасы.

Аминанын атасы Жакыпбек Назырканов укук коргоо органдары окуяны туура жана адилет тергеп, ишти чечип берет деген үмүтүн билдирди. Ошондой эле ал социалдык тармактын колдонуучуларына кайрылды.

"Укук коргоо органдарына ишенем. Адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз. Келинчегим оор күндөрдү башынан өткөрүп, кыйналып жатат. Социалдык түйүндөрдө колдонуучулар жагдайды түшүнбөй, билип-билбей эле комментарий жазып жатышат. Мунун баары бизге терс таасир этип жатат. Элден биздин абалга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат элем. Биз кызыбыздын сакайып кетишин каалайбыз жана мындай окуялардын кайталанбаса дейбиз", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16744