Блогерлер Арген менен Аружан эки башка башка жолго түшкөнүн ачыкташты
RU

Блогерлер Арген менен Аружан эки башка башка жолго түшкөнүн ачыкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева эки башка жолго түшкөнүн жарыялашты. Алар мындай чечимди сүйлөшүүдөн кийин кабыл алышканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.

Аружан Бекешеванын айтымында, апасы, кайненеси, Арген төртөө жолугуп, сүйлөшүшкөн.

"Кайненемди, кайын журтумду сагынам. Ыраазычылык билдирем. Аябай катуу жакшы көрөмүн. Өмүр бою ал адамдардын алдында карыздармын. Бирок жашоо ушундай экен. Кудайым эки жолго кетүүнү буйруптур", - деп жазган Бекешева.

Ал арада Арген Асанов батирдеги буюмдарын чогулутуп жаткан видеосун жарыялап: "Мына, бул аягы. Бактылуу болсун. Бул үйдө бир гана жакшы элестер калды. Жаманы мен болоюн деп дайыма айтып келем, кандай учур болбосун ал менин тандаган жарым", - деген.

Буга чейин Блогер Аружан Бекешева Instagram баракчасына жолдошу Арген Асанов кол көтөргөнүн айтып чыккан.

Белгилей кетсек, Арген Асанов менен Аружан Бекешева Казакстандын "Бир болайык" шоусу аркылуу табышкан. Алар 2023-жылы баш кошушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16578