Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген 22 жаштагы милиционер камакка алынды
RU

Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген 22 жаштагы милиционер камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өспүрүмдү опузалоого шектелген 22 жаштагы милиционер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Министрлик эсин жоготуп койгон бала 16 жашта экенин, милиционер андан 1000 сом алганын билдирди.

Эске салсак, окуя 6-июлда Орто-Сай базары тарапта болгон. "Милиция кызматкери өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, электрондук тамеки чеккен өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартам деп коркуткан. Ал опузалап акча талап кылып, өспүрүмдү терминалдан акча алып берүүгө мажбурлаган. Көрсөтүлгөн моралдык-психологиялык басымдын натыйжасында өспүрүм эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, геморрагиялык инсульт диагнозу менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Милиция кызматкери өзүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында өспүрүмдү жардам көрсөтпөй таштап, окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Башкы прокуратура менен ИИМ берген маалымат окшош эле. ИИМ милиция кызматкери өспүрүм эсин жоготуп койгондо жардам бербей кетип калганын тастыктады.

Министрликтин ички тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлады. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16598