Өлкөдө бир нече мектеп аралыктан окутууга өттү
762
Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча бир нече мектеп онлайн окутууга өткөнүн маалымдады. Мекеменин мааоыматы боюнча, Бишкек шаарындагы, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы айрым мектептерде сабактар онлайн өтүүдө.
Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан окутууга өткөн:
- Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин,
- Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин,
- Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин,
- Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби,
- Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.
Бишкек шаары боюнча:
- №60 жалпы орто билим берүү мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.
Талас облусу боюнча:
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары,
- Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары,
- Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17203