"Энергетикалык суусундук ичип алып, суткалап иштейт". Таксисттерге көзөмөл күчөтүлөт
RU

"Энергетикалык суусундук ичип алып, суткалап иштейт". Таксисттерге көзөмөл күчөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси айдоочуларынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында көзөмөл киргизилерин маалымдады.

Башкармалыктан белгилешкендей, акыркы учурларда унаанын техникалык абалына көңүл бурбай, тийиштүү докумменттерди чогултпастан такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү комерциялык жолдор менен ташыган тажрыйбасы жок такси айдоочулары көбөйүүдө.

Бул айдоочуларга көзөмөл жок болгондуктан, эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай, энергетикалык суусундуктарды ичип алып, чарчаган абалда суткалап уктабай, жүргүнчүлөрдү коопту абалда ташыган көп болуп, кесепети жол кырсыктары менен коштолгон учурлар да кездешүүдө.

Мындан улам башкармалык жарандардан такси кызматындагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында эреже бузуулар катталганда 0777 102-102 ишеним номерине кабар берүүнү суранат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17219