Таштандыдан табылган ымыркай. Милиция 21 жаштагы келинди кармады
4473
Бишкекте таштанды челекке наристени таштанганга шектелип 21 жаштагы келин кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББден билдиришти.
8-ноябрда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылып, "Тез жардам" кызматы менен №1 төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 37-125-беренеси (Жаңы төрөлгөн баланы энеси өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл экспертизалар дайындалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2002-жылы туулган А.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Белгилесек, ымыркай ооруканада дарыланууда, абалы туруктуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/14916