Көчмөндөр оюндары: Аламан байгеде Кара кыз байгелүү орунду ээледи
1836
Казакстанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында аламан байге боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Кыргызстандын курама командасы коло медалга ээ болуп, Нурэл Элесов чапкан Кара кыз аргымагы (аттын ээси Нурбек Керимбеков, саяпкери Изат Сыргак уулу) 3-орунду ээледи.
Аламанда казакстандын Ай кабак күлүгү биринчи болуп келсе, Жумур туяк экинчи болду.
Ал эми жорго салыш боюнча улуттук курама команда 1 алтын, 1 коло жеңди.
- 1-орунду Чиксон аргымагы (чабандес Чубак Жайлообек уулу, аттын ээси Жаныбек Карыпбеков, саяпкери Чубак Жайлообек уулу) ээледи.
- 3-орунду Императрица аргымагы (чабандес Нурэл Иранов, аттын ээси Өмүрбек Бабанов, саяпкери Чубак Жайлообек уулу) ээледи.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/17332