Өлкөнүн Күрөш федерациясын Эркин Тентишев жетектеди
RU

Өлкөнүн Күрөш федерациясын Эркин Тентишев жетектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды. Белгилүү болгондой, 14-сентябрда Бишкекте федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өткөн.

Федерациядан билдиришкендей, конференцияга федерациянын мүчөлөрү, КРнын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу жана калыстар тобу катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Тентишев Эркин Саткынбаевич "Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы" бейөкмөт уюмунун президенти болуп шайланды.

Күрөш федерациясын буга чейин Мелис Турганбаев жетектеп, ушул жылдын 4-сентябрында кызматтан кеткен.

Эркин Тентишев 1962-жылы 29-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргызстандын Эл аралык университетинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында жогорку билим алган.

Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, андан кийин президенттин кызматын аркалаган. Акыркы убакка чейин президенттин кеңешчиси кызматын аркалап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17364