Мурдагы өкмөт башчылар Акылбек Жапаровду юбилейи менен куттукташты. Видео
RU

Мурдагы өкмөт башчылар Акылбек Жапаровду юбилейи менен куттукташты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 60 жылдык мааракесин белгилөөдө. Президенттик администрациянын жаңы имаратында (хансарайда) өлкөнүн экс-премьер-министрлери Жапаровду юбилейи менен куттукташты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарыялаган кадрлардан Апас Жумагулов, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жантөрө Сатыбалдиев, Амангелди Муралиев, Жоомарт Оторбаев, Игорь Чудинов жана башкаларды көрүүгө болот.

Куттук айткандар Акылбек Жапаровго тебетей менен чапан кийгизишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17345