Акыркы жүз жылдагы эң күчтүү жер титирөөлөрдүн бири Нью-Йоркто болду
1024
5-апрелде Нью-Йоркто күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө болгонун АКШнын Геологиялык кызматы X социалдык тармагында билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Нью-Джерсидеги Уайтхаус станциясынын аймагында, Манхэттенден болжол менен 80 км алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө Пенсильвания, Коннектикут, Мэриленд жана Массачусетс штаттарында, ошондой эле Вашингтондо да сезилди. Алгачкы жер титирөө Нью-Йоркто жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:20 чамасында сезе баштаган. Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) алгач жер титирөөнү Рихтер шкаласы боюнча 5,5 балл деп баалады.
Жер титирөөнүн очогу Нью-Джерси штатындагы Уайтхаус станциясына жакын жерде болгон. Кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/15889