Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курулат. Акылбек Жапаров капсула салды
RU

Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курулат. Акылбек Жапаров капсула салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл районундагы Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чарага Акылбек Жапаров катышканын Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Белгилендей, Акылбек Жапаров ушул күндөрү Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

"Бүгүн Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭСтин курулушуна капсула салдык, ал келечекте Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат. Биз энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз. Президент жакында эле Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди, Папан суу сактагычында жакынкы арада ГЭСтин курулушу башталат. Улуттук долбоор - Камбар-Ата ГЭС-1 күч алууда, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлдү. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык өлкөгө айлануусуна шарт түзөт", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Долбоор расмий түрдө Министрлер кабинетинин буйругу менен Кризиске каршы иш-чаралар планынын алкагында бекитилген.

Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишим кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен "Чакан ГЭС" ААК ортосунда түзүлгөн.

"Кытай биздин өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири жана анын рыногу "океан" сыяктуу. Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу өнүккөн шаарга айлана турган күн келет", - деди Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16486