Тоңдун Шор-Булак жана Кара-Талаа айылдарынын ортосундагы убактылуу-негизги жолду сел алды
RU

Тоңдун Шор-Булак жана Кара-Талаа айылдарынын ортосундагы убактылуу-негизги жолду сел алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак жана Кара-Талаа айылдарынын ортосундагы убактылуу-негизги трассаны сел алып кетти. Кырсык 30-июнда болгон. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында сел алган жол менен автоунаалар өтчү. Анын жанында жаңы жол көпүрө салынып жаткан.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келишти. Жабыркагандар жок. Бирок, унаалар ары-бери өтө албай калды. Жолубуздун көпүрөлөрү салынып, жолубуз эртерээк бүтсө болот эле. Бирок жаан жааса эле ушул жерден кыян агат. Эң башкысы жабыркагандар жок", - деди ал.

Эске салсак, Кыргызгидромед 27-июндан бери эскертүү берип, өлкө аймагынын жер жерлеринде сел жүрүшү мүмкүндүгүн айтып жатат. Эске салсак, 28-июнда Ош облусунда орун алган аномалдуу жаандан улам сел каптап, сегиз адам каза болуп, Апшыр-Атада калган 1300 адам коопсуз жакка куткарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16501