Оштун 77 жаштагы тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен жөнөп кетти
RU

Оштун 77 жаштагы тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат. Ош мэриясынан билдиришкендей, Таштановду бүгүн, 1-августта узатуу аземи өттү.

Узатууга Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, жакындары катышты. Таштановго Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.

Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.

Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16839