Баткенде өрттөн улам 16 жаштагы өспүрүм каза болду
RU

Баткенде өрттөн улам 16 жаштагы өспүрүм каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы "Мадамин" базарында бүгүн, 6-августта өрт чыкты. Тилсиз жоодон 1 адам каза тапканын ӨКМдан маалымдашты.

Такталгандай, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 11:55те чектөөгө алынган. Кырсыктан 16 жаштагы өспүрүм жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, жабырлануучунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү, учурда кырсыктын себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16886