Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкса, Айаал Лазарев коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды
RU

Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкса, Айаал Лазарев коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айаал Лазарев Олимпиадада коло медаль үчүн беттешет.

Спортчу 125 кг чейинки салмакта көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло медаль үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүл менен күч сынашат.

Ал эми кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында кытайлык Вэнь Юань менен кармашып, 4:1 эсебинде жеңип алды.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16936