Тез тамактануучу жайда кезекте турган киши 22 жаштагы жигиттин жаагын сындыра чапкан
RU

Тез тамактануучу жайда кезекте турган киши 22 жаштагы жигиттин жаагын сындыра чапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жал кичи районундагы тез тамактануучу жайда 22 жаштагы жигитке кол салуу болду. Бул тууралуу Kaktus редакциясына жабырлануучу тарап билдирди.

Жакындарынын айтымында, Рустам (аты өзгөртүлдү) 13-августта саат 13:00 чамасында тез тамактануучу жайга алдын ала телефон аркылуу буйрутма берген гамбургерди алып кетүүгө барган.

"Рустам тез тамактануучу жайга кирип, эч кимдин тынчын албай, түз эле кассага барган. Ал жерде аял менен эркек бири-бири менен талашып-тартышып жаткан экен. Ошол маалда Рустам муздаткычтан суу алуу үчүн кишиден бир аз жылып туруусун суранып, кассага бурулуп, акчасын төлөп, кетип бараткан. Бул учурда кассанын жанындагы киши ага кол салып, жаакка чаап, көчөгө сүйрөп чыккан", - дешти жигиттин туугандары.

Кол салган адам өзүн укук коргоо органынын кызматкери деп тааныштырганын кошумчалашты жабырлануучу тарап.

Эч кимден, эч нерседен коркпой турганын, УКМКнын коопсуздук кызматында иштерин айтты.

Жигиттин жаагы сынып, ооруканада жатат, милицияга арыз жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16988