Пансионаттагы саркынды суу көлгө кошулуп жатат деген видеодон кийин суудан үлгү алынды
RU

Пансионаттагы саркынды суу көлгө кошулуп жатат деген видеодон кийин суудан үлгү алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга 15-августта Ысык-Көлдөгү Royal Beach пансионатындагы саркынды суулар көлгө кошулуп жатат деген видео тараган. Анда эс алуу борбору трубаларды жер астына көмүп, саркынды сууларды көлгө төгүп жатканы айтылган.

Жаратылыш ресурстар министрлиги видеодогу маалыматты тактоо максатында пансионаттан суунун үлгүлөрү алынганын маалымдады.

"Ысык-Көл регионалдык башкармалыктын инспекторлору жана куйулуп жаткан суудан үлгү алуу үчүн мониторинг бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде суулардан анализге үлгүлөрдү алышты.

Жер алдындагы түтүктөр аркылуу куйулуп жаткан суу дренаждык же саркынды суу экендигин алынган анализдин жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет. Аталган эс алуу борборун пландан тышкары ыкчам текшерүүгө уруксат алуу үчүн Экономика минстрлигине жолдомо жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17013