Таласта дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды
RU

Таласта дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы Акылай Болотбекова аман-эсен табылды. Окуучу Бишкекте жүргөнү аныкталып, Таласка жеткирилип, жакындарына өткөрүлгөнүн облустук милициядан кабарлашты.

"Ал эч кимге айтпастан өз алдынча Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген. Окуяга кайдыгер карабай, милицияга көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз", - дешет башкармалыктан.

Белгилесек, Акылай Болотбекова 5-августта саат 18:00 чамасында Талас шаарынын борбордук аянтына барам деп үйдөн чыгып кеткен. Ал дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу, милиция жана туугандары коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17021