Садыр Жапаров жаратылыштагы эс алуучулардан калган таштандыны чогултту (видео)
RU

Садыр Жапаров жаратылыштагы эс алуучулардан калган таштандыны чогултту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров шаар сыртында жаратылыш койнунда эс алып жүрүп, таштандыларды чогултуп, башка кыргызстандыктарды андан үлгү алууга чакырды. Мамлекет башчысы кайрылуусун Facebook баракчасына жарыялады.

Президент Кыргызстандын жаратылышы кооздугу жана тазалыгы менен өзгөчөлөнүп турарын, бирок аны адамдар өздөрү булгап жатканын белгиледи. Ал эс алуучуларды таштандыларды тазалоого чакырды.

"Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры", - деп жазган ал.

Президент дарыянын жээгинде жүрүп, эс алуучулар таштап кеткен таштандыларды чогултту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17050