Өзгөндө 14 жаштагы өспүрүм көз жарды. Шектүү кармалды
RU

Өзгөндө 14 жаштагы өспүрүм көз жарды. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн райондук ооруканадан 14 жаштагы кыз көз жарды. Кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция "Зордуктоо" беренеси боюнча иш козгогон. Кылмышка шектелип 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ишенимдүү адамдардын айтымында, кармалган киши окуу жайлардын биринде музыкадан сабак берет.

Белгиленгендей, кармалган жаран 21 жашта. Белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин байкашкан эмес. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17068