Аянты 17,7 гектар, баасы 1 млрд 953 млн сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды
RU

Аянты 17,7 гектар, баасы 1 млрд 953 млн сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысын аныктады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери мыйзам бузуу менен 2004-жылы "Кум-Шагыл" ЖАК жеке ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталды.

"Белгиленген өндүрүштүк комплекс өзүнө жеке сапаттарга ээ болгон шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле көрсөтүлгөн чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт, буга байланыштуу жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында наркы 1 млрд. 953 млн. сомду түзгөн аталган 17,7 га жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.

Учурда КР УКМК бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17088