Кашын кырып, жылаңачтап видеого тартып. Ошто 15 жашар кыз кулчулукта кармалганы айтылды
RU

Кашын кырып, жылаңачтап видеого тартып. Ошто 15 жашар кыз кулчулукта кармалганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, тез арада чара көрүүгө чакырды.

Акыйкатчыга бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган.

"Кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, аны ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп койобуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле, алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан. Акыйкатчы тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат. Ал эми

жабырлануучуну сабап, коркуткандардын баары азыр эркиндикте жүргөндүктөн өмүрү коркунучта экени маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17090