"ӨКМге муунганы жатам деп чалгандар болот". Муфтияттын call-борборду ачуу максаты
RU

"ӨКМге муунганы жатам деп чалгандар болот". Муфтияттын call-борборду ачуу максаты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-августта Муфтият жарандардын суроолоруна жооп берүү үчүн call-борбор ачты. Kaktus.kg редакциясы ал борбор менен таанышып кайтты.

Муфтияттын маалымат кызматынын жетекчиси Максат Атабаев жаңы ачылган борборго саат эртең мененки 09:00дөн түшкү 15:00го чейин эле 200 чалуу түшкөнүн айтты.

"Жарандарыбыз бул жакка келип убара болуп жүрбөшү үчүн ушул борборду түздүк. Бул жерден кызыккан диний суроолорго Муфтияттын расмий жообун алса болот. Себеби, социалдык тармактарда илими бары-жогу деле ар кандай диний суроолорго жооп берип жатат. Ошол суроолордун баарын борборлоштуруп ушул борборду негиздедик", - дейт ал.

"Чет жерде жүргөн жарандар көп кайрылышат"

Максат Атабаев аталган борборду ачуу муктаждыгы чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын көп кайрылуусунан келип чыккан. Себеби Муфтиятка буга чейин деле ар кандай диний суроолор менен көп жарандар кайрылып, Муфтияттын өзүнө да келип турушчу.

"Биздин бул борбордогу адистер Муфтияттын фатва бөлүмүндө иштеген, дасыккан имамдар. Алар 10 жылдап тажрыйба топтогон адистер. Биз сырттан кадр алган жокпуз", - деп кошумчалады маалымат катчы.

"ӨКМге муунганы жатам" деп чалышат

Муфтият бул борборду ачуу үчүн атайын уюлдук тейлөө кызматтарынын иши менен таанышып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да барышкан. Максат Атабаев ӨКМдин ыкчам билдирүү борбору менен таанышып жаткан учурда министрликтин кызматкерлери Муфтият менен ӨКМдин тез байланыш номурун бириктирүүнү суранышканын айтты. Себеби, министрликтин ыкчам байланыш номуруна моюнуна жип байлап алып "мен муунганы жатам" деп чалган адамдар да болот дейт ал.

"Бул борборду ачуунун алдында бир топ компанияларга барып, ишмердүүлүгү менен таанышып келгенбиз. ӨКМге чакан комиссия болуп барганыбызда call-борбор ачсаңыздар абдан жакшы болот эле дешти. Эмнеге Муфтиятты кошуу зарылчылыгы пайда болду деп сурасак: бир жолу киши жип алып, мен муунуп өлгөнү жатам деп чалган экен. Мына, ушундай учурда Муфтият керек экен дешти ӨКМ адистери", - деп Максат Атабаев call-борбор сыноодон өткөндөн кийин ӨКМдин ыкчам байланыш бөлүмү менен бирге да иштеп калуу мүмкүнчүлүгүн кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда динге байланыштуу ар кандай суроолорго жооп алуу үчүн жарандар мечиттерге же Муфтияттын өзүнө кайрылышчу. Бирок социалдык тармактарда Муфтияттын фатвасына байланышы жок деле жоопторду айтып, өз баракчалары аркылуу жарандарга айрым нерселерди таңуулагандар жок эмес. Дал ушул максатта Муфтияттын call-борборун ачуу идеясы жаралган дешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17101