Эгемендик майрамы: "Ала-Тоо" аянтындагы гала-концерт дрондордордун шоусу менен башталат
RU

Эгемендик майрамы: "Ала-Тоо" аянтындагы гала-концерт дрондордордун шоусу менен башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт.

Маданият министрлигинен бидиришкендей, майрамдык концерт саат 22:00дө "Ала-Тоо" аянтында дрондордун шоусу менен башталат.

Кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу менен кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат.

Ал эми концерттин соңунда Россияда жылдызы жанган кыргызстандык Амирчик ырдайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17138