Сокулукта дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табылды
RU

Сокулукта дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда ойногонго чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы Амир Нуркайыпов табылды. Чүй ОИИББден кабарлашкандай, бала бүгүн, 2-сентябрда аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлдү.

Белгилесек, Амирдин жакындары 1-сентябрда ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анда 2017-жылы туулган Амир ошол эле күнү саат 16:20 чамасында ойногону чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин билдирген. Мындан улам ал баласын табууга жардам сурап кайрылган.

Бул факты маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, издөө иштери башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17148