Инфаркт болушуна кир аба себеп деген жактоочу ЖЭБдин үстүнөн прокуратурага арызданды
RU

Инфаркт болушуна кир аба себеп деген жактоочу ЖЭБдин үстүнөн прокуратурага арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жактоочу Икрамидин Айткулов инфарктка кабылышына кир аба себеп болгон деп эсептейт. Мындан улам ал Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Бишкек ЖЭБинин жетекчилерин булганган аба үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Бул тууралуу Айткулов Facebook баракчасына жазды.

Жактоочу Бишкек ЖЭБинин жооптуу кызматкерлерине жана тиешелүү көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга кылмыш ишин козгоону талап кылды.

"Акыркы жылдары Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөнүн ири шаарларынын арасында алдыңкы орунда турат. Адистер белгилегендей, абанын кирдеши жүрөктүн ишемиялык оорусуна, инсультка, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү ооруларына, өпкөнүн рак оорусуна, балдардын дем алуу системине таасир этип, бир катар ооруларга алып келет", - дейт юрист.

Икрамидин Айткулов жаратылыш ресурстар министри Динара Кутманованын маалыматын эске салды. Тагыраагы, министр борбор калаанын ЖЭБи бир эле жолу текшерилгенин, россиялык компания Бишкек ЖЭБинин чыпкаларын текшере албаганын айткан.

"2020-жылдын 11-декабрында инфарктка кабылдым. "Бикард" клиникасында операция жасалды (стент коюлган). Бул инфарктка Бишкек ЖЭБиндеги абанын булганышы себеп болгондугун жокко чыгарбайм", - деди Айткулов.

Адвокат төмөнкү беренелер боюнча кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси каралсын дейт:

  • Кылмыш-жаза Кодексинин 409-беренеси "Экоцид" боюнча;
  • Кылмыш-жаза Кодексинин 296-беренеси "Адамдарга коркунуч туудурган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо" боюнча;
  • Кылмыш-жаза Кодексинин 305-беренеси "Атмосфераны булгоо" боюнча;
  • Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча;
  • Кылмыш-жаза Кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/10239