Асланайым Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды
RU

Асланайым Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Светлана (Асланайым) Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Бүгүн, 23-октябрда жаңы дайындалган жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды.

Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17769