Дубайда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголду
RU

Дубайда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен Араб Эмиратында Кыргызстандын жараны дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу дайынсыз жоголгон КР жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылган.

Дайынсыз болуп жаткан мекендештин жакындарынан алынган маалыматка караганда, ал Дубайдын аэропортунда болгон жана учуп кетүүнү пландаган", - деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдуктун кызматкерлери дароо аэропортко барышкан, тилекке каршы, андан майнап чыккан эмес.

Ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкерлери Дубайдын иммиграция департаментинен кыргызстандыктын Эмираттын аймагынан чыкпаганын аныкташкан.

"Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу А.Б.ны издөө боюнча зарыл иш-чараларды улантууда жана Дубайдын ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17778