Түркияга чогулган каражат 26 млн сомдон ашты
RU

Түркияга чогулган каражат 26 млн сомдон ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияга жардам көсөтүүгө чогулган каражат бүгүн, 16-февралга карата 26 млн 300 937 сом жана 13 550 рублга толукталды. Бул туурасында Каржы министрлигинен кабарлашты.

Жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.

Атайын эсеп "Айыл Банкында" ачылган. Реквизиттер:

  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсептин номери: № 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
  • Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Сүрөт: Anadolu агенттиги.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/10355