Оштогу филармонияга жаңы жетекчи дайындалды
3438
Ырчы Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, бүгүн, 20-февралда Алишер Тоотаев Ош облустук филармониясынын директору кызматына дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
Кыскача өмүр баяны:
- Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.
- Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.
- Ош облустук филармониясында солист, "Долбоор" акционердик коомунда музыкант, "ЭлТР" телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап "Жигиттер" фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.
- "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/10404