Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады. Ал 17-мартта Бишкекке кайтып келгенин президенттин администрациясынан кабарлашты.

Иш сапарда Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышты.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө чоң маани берет. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/10960