Ысык-Көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды, 34 миң метр тор чыгарылды
RU

Ысык-Көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды, 34 миң метр тор чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды, 34 миң метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, өткөн аптада көлдүн Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган аянттары тазаланган.

"12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 миң гектар аянты камтылып, суу астынан 2 835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-март күнү 'Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасы расмий түрдө башталган. Ага ылайык бир катар министрликтерден атайы жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандыларды жана балык уулоочу торлордон арылтууга масштабдуу түрдө киришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/11505