Соода борбордун биринде маймыл кызматкерге кол салды. Милиция текшерүүнү баштады
RU

Соода борбордун биринде маймыл кызматкерге кол салды. Милиция текшерүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ГУМ соода борборундагы чакан зоопаркта маймыл кишиге кол салды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү маалымдап, видеосу менен бөлүштү.

Алардын айтымында, 17-сентябрда маймыл соода борбордун кызматкерине кол салган. Жабырлануучу оор жаракат алган.

Аталган борбордогу экзотикалык зоопарктын администрациясы кызматкер жаракат алганын ырастап, окуя иш убактысы бүткөндө орун алганын белгилешти.

"Зоопарктын кызматкери колкап кийбегендиктен маймыл ага зыян келтирип, коопсуздук эрежелерин бузган", - дешти зоопарктан.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы бул факты электрондук журналга катталганын, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

"Бул окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылган жок. Учурда текшерүү иштери башталды. Анын алкагында башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды тартуу менен жаныбарлардын жашоо шартын текшерүү жана техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү тергөө жүргүзүлөт", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17389