Бишкектин бир көчөсүнө Ормон хандын ысымын ыйгаруу сунушталды
RU

Бишкектин бир көчөсүнө Ормон хандын ысымын ыйгаруу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин көчөлөрүнүн бирине Ормон хандын ысымын ыйгаруу сунушталууда. Мындай демилге менен "Эмгек" фракциясы Бишкек шаардык кеңештин сессиясында чыкты.

Фракция мүчөлөрүнүн бири Бактыбек Абдиев тарыхый инсандын эмгегин санап, быйыл анын урматына майрамдык юбилейлик иш-чаралар пландалып жатканын белгиледи.

"2022-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, Кыргыз каганатынын түзүлүшүнө, кыргыз урууларынын биригишине зор салым кошкон тарыхый инсан, 19-кылымдагы кыргыз элинин эгемендүүлүк үчүн күрөшүнүн жетекчиси 230 жашка толду. Ал Ормон хан. Ормон хан кыргыз урууларын бирдиктүү үчүн бир катар кадамдарды жасаган. Ормондун керээзи эл эсинде азыр да сакталып келет" , - деди Абдиев.

"Эмгек" фракциясы борбордук көчөлөрдүн бирине ат берүү же атын өзгөртүү маселесин карап, Бишкек шаардык кеңешине (БШК) маалымат берүүнү мэрияга тапшырууну сунуштады.

Белгилей кетсек, борбор калаада көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. БШКнын спикери Куванычбек Конгантиевдин айтымында, ошол себептен мэрияга тапшырма берилген.

Ал белгиленген тартипте иштелип чыгып, андан кийин гана чечим кабыл алынат", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/11830