Кене чакса, дарыгерге кайрылыңыз! Кыргызстанда 166 адамды кене чаккан
RU

Кене чакса, дарыгерге кайрылыңыз! Кыргызстанда 166 адамды кене чаккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда 166 адамды кене чаккан, анын жарымы (86) Бишкек шаарында катталган. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кене чаккан адам энцефалитти жугузуп алуу коркунучу бар экенин эскертет.

Жыл сайын жаз-жай мезгилинде кене чаккан жарандардын медициналык мекемелерге кайрылуулары көбөйүүдө.

Чүй облусунда – 35, Ысык-Көлдө – 35, Таласта – беш, Жалал-Абад облустарында жана Ошто – экиден учур катталды.

Эпидемиологдор кене чакканда энцефалитке, курч жугуштуу вирустук ооруга, борбордук нерв системасынын жабыркоосуна алып келерин эскертишүүдө. Мындан тышкары бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан инфекцияга кабылышат.

Кене энцефалитине чалдыккан адам алгач алсыздыкты сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул белгилер жок болушу мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку температура менен коштолгон экинчи фазасы башталат. Оору катуу башталып, чыйрыгуу, баш катуу ооруп, температура 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Адамды булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Майда кан тамырлардын кеңейгендигинен улам бетте жана тулку бойдо кызаруу пайда болушу мүмкүн.

Мындай белгилер пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/11857