УКМКнын өкүлү Орхан Инанды боюнча комментарий берүүдөн баш тартты
RU

УКМКнын өкүлү Орхан Инанды боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров УКМК өкүлүнөн Түркиянын атайын кызматтарынын Орхан Инандыны алып чыгып кетиши боюнча аракеттерине комментарий берүүнү суранды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча макулдашуунун долбоору каралууда. Ал эми Мадумаров УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдон Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кызматтан алынышы боюнча кандай пикирде экенин сурады. "Ал Кыргызстандын жараны, биринчи болуп биздин жарандыгыбызды алган. Аялы ыйлапбир нече жолу кайрылган", - деди депутат.

Мамасадыков бул маселе боюнча комментарий бербей турганын айтты. "Мүмкүн болгон талкуулардан оолак болуу үчүн мен унчукпоо укугун тандайм", - деп жооп берди ал.

Анда Мадумаров журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу жагдайга комментарий берүүнү суранды. Мамасадыков Темиров Россиянын жараны деп жооп берди. Жооп катары парламентарий Кыргызстандын атайын кызматы прецедент түзгөнүн айтып, азыркы келишимдерге ишенбей турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/12614