"Өлкөнүн сыймыгы". Акылбек Жапаров D Billions командасын грамота менен сыйлады
RU

"Өлкөнүн сыймыгы". Акылбек Жапаров D Billions командасын грамота менен сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров D Billions чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Анда өкмөт башчы маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн командага ардак грамота тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабиненин басма сөз кызматы билдирди.

Бирок актёрлор Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы менен жолугушууга катуураак образдар менен келишкен.

Жолугушуу учурунда Акылбек Жапаров D Billions командасын - "өлкөнүн сыймыгы" экенин баса белгиледи.

"Сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чыныгы дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды", - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров бийлик чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону болоорун убада кылды.

D Billions 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата калаанын борбордук Ала-Тоо аянтында шоу-концерт тартуулап, андан кийин дүйнөлүк турнеге чыгып, АКШнын 11 штаты менен Европаны кыдырганы жатат. Азыр команда даярдык көрүп жатат.

D Billions"тун YouTube каналынын 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар балдар үчүн контент даярдап келет. 2021-жылдын сентябрында D Billions YouTube"дун бриллиант баскычына ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/12642