Футбол: Кожо Жоэл, Алимардон Шүкүров, Кайрат Изаков жана Валерий Кичин курамага кошулду
RU

Футбол: Кожо Жоэл, Алимардон Шүкүров, Кайрат Изаков жана Валерий Кичин курамага кошулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында Иран менен боло турган беттешке команданын курамын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Курамдын бекитилген тизмеси

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Антон Коченков, Султан Чомоев.

Коргоочулар: Христиан Браузман, Айзар Акматов, Кайрат Изаков, Сүйүнтбек Мамыралиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Тамирлан Козубаев, Валерий Кичин.

Жарым коргоочулар: Эрбол Атабаев, Одилжон Абдурахманов, Алимардон Шүкүров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров, Гүлжигит Алыкулов, Турсунали Рустамов, Бактияр Дүйшөбеков.

Чабуулчулар: Элдар Молдожунусов, Жоэл Кожо, Эрнист Батырканов, Максат Алыгулов, Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев.

Белгилей кетсек, беттеш 16-июнда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 20:00 башталат.

Беттештин жыйынтыгында финалист жана турнирде үчүнчү орун үчүн ат салышкан команда аныкталат. Финалдык жолугушуу 20-июнда Ташкентте өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/12921