"Эмне деген кайдыгерлик?!". Президент көлдү тазалоо иштерин көргөндөн кийин пост жазды
RU

"Эмне деген кайдыгерлик?!". Президент көлдү тазалоо иштерин көргөндөн кийин пост жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров көлдү тазалоо иштеринен кабар алгандан кийин жарандарга, эс алуучуларга нааразы бодду. Ал Facebook баракчасына билдирүү жазып, тазалык маданиятын калыптандырууга чакырды.

"Бүгүн мен Өзгөчө кырдаалдар министри, суучулдар менен чогуу барып, Ысык-Көлдөгү торлорду, түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеке өзүм кыдырып, көрүп чыктым. Менин тапшырмам менен ушул жылдын март айынан тарта торлорду, таштандыларды тазалоо иштери башталган.

Бүгүнкү күнгө чейин 100 чакырым балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарышты. Ушул тордун көбү эски торлор. Аларга чалынып, өлүп, чирип жаткан балыктар, өрдөктөр жана башкаларды көрүп зээниң кейийт.

Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр.

Бул – эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген кара мүртөздүк?!

Анан келип алып экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз.

Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз.

Буга чейин Сары-Челекке да бардым эле. Ал жакта Кудайга шүгүрчүлүк, көлдүн түбү эски торлордон, таштандылардан таза экен. Ал эми дагы бир ири көлүбүз Соң-Көлдө абал кыйын деп маалымат келип жатат. Ал жакты дагы катуу көзөмөлгө алабыз.

Буюрса, жалпы республика боюнча жаратылышыбыздын тазалыгына кам көрүү жаатында иштерди улантабыз.

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат элем.

Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели.

Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо дагы көргөн таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер.

Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат.

Келгиле, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө! Коомдук көзөмөл кылып, бири-бириңерди тарбиялагыла!

Жаратылышыбызга өзүбүз күйбөсөк эч ким күйбөйт, эч ким келип тазалап бербейт!

Айлана-чөйрөбүзгө алгач өзүбүз туура мамиле кылып, таза сактасак, башкалар да ошого көнөт, ошондой сый мамиле жасайт!

Ошентип эс алуу маданиятын калыптандыралы", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/13155