Эс алуу! Депутаттар акыркы иш күнүндө 50 мыйзам долбоорун карап жетишти
RU

Эс алуу! Депутаттар акыркы иш күнүндө 50 мыйзам долбоорун карап жетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын иши аяктады.

Акыркы иш күнүнүн күн тартибине 50 мыйзам долбоору жана токтомдор кирди. Депутаттар алардын баарын карап жетишти.

Саат 16:00 чамасында жыйын аяктап, кечки саат 17:00дө мамлекеттик резиденцияда экинчи сессиянын аякташына байланыштуу сый тамак уюштурулду.

Сүрөткө караганда, жыйынга депутаттардын баары катышкан эмес.

Жыйын адаттагыдай Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады. Депутаттар сентябрь айында ишке киришет, бирок керек болсо кезексиз жыйынга чогула алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/13156