Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктаган жаңы шайман иштеп баштады
1611
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жол эрежелерин бузгандарды аныктай турган "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жаштагы. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Белгилүү болгондой, туристтик мезгилде жол кырсыктарын алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу маанилүү.
Аппарат аныктаган мыйзам бузуулар:
- издөөдө жүргөн унааларды;
- айыптарды өз убагында төлөбөй жүргөндөрдү;
- каттоосу токтотулган унааларды;
- ылдамдыкты жогорулатуу жана башка эреже бузуу.
Ушундай эле аппарат 25-июндан тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда ишке киргизилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/13194