Бишкекте 25 жаштагы жаран өгөй кызына ыдык көрсөткөнгө шектелүүдө
2853
Бишкекте 25 жаштагы жаран 8 жаштагы кызга ыдык көрсөткөнгө шектелүүдө. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучу шектүүнүн өгөй кызы.
Ленин РИИБден билдиришкендей, бул факты боюнча Жазык кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1998-жылы туулган А Т. Д. кармалган. Ал Ленин райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: newsbabr.com.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/13242